12:10, 21 ноября 2018, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңеште саясий туткундарга мунапыс берүү тууралуу мыйзамдолбоору каралууда. Демилгечи депутат Исхак Масалиевдин билдирүүсүндө, документ бийликти күч колдонуп басып алуу боюнча камалгандарга мунапыс берүүгө багытталган.
Мунапыс жемкорлукка айыпталгандарга жарыяланбайт.
«Бишкек ЖЭБдеги кырсык боюнча айыпталгандар мунапыска илинбейт. Мунапыс саясий беренелер менен отургандарга гана тиешелүү. Тыңчылык кылгандар, мамлекетке чыккынчылык жасагандарга мунапыс берилбейт», -деди Исхак Масалиев.
Ал эми жемкорлук боюнча айыпталган Өмүрбек Текебаевдин иши тууралуу ал өзгөчө абал деди.
Белгилей кетсек, бийликти күч менен басып алуу айыбы менен «Элдик парламент» жана «Эл үнү» уюмдарынын мүчөлөрү — Дастан Сарыгулов, Бектур Асанов, Бекболот Талгарбеков, Кубанычбек Кадырбеков, Тойгонбек Калматов, Марат Султановдор 4 жылдан 20 жылга чейин соттолгон.