Акыркы 10 жылда ымыркайлардын жана балдардын өлүмү 40 пайызга жакын кыскарды

11:15, 21 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда соңку он жылда жашоо узактыгы үч жылга өсүп, орточо 71 жылга жетти. Бул убакыт аралыгында ымыркайлардын жана балдардын өлүмү 40 пайызга жакын кыскарган. Мындай маалыматты вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Айтымында, 2015-жылы Кыргызстан 24 өлкөнүн ичинде Миң жылдык өнүгүүнүн максаттары программасында коюлган максаттарга жетишти.

«Дүйнөлүк балдар күнүндө төрөлгөн эки миң ымыркай көк лентага байланган белек алышат», -деди ал.

Эске салсак, Дүйнөлүк балдар күнү дүйнө жүзүндө 1989-жылдын 20-ноябрында БУУ Башкы Ассамблеясы тарабынан Балдардын укуктары жөнүндөгү Конвенция кабыл алынгандан тартып белгиленип келет.