Кыргызстандык спортчу стол тенниси боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды

10:06, 21 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык Нурдин Сапарбаев стол тенниси боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча ассоциациянын башкы машыктыруучусу Алишер Якупбаев билдирди.

Анын айтымында, Орусияда Александр Захаровдун элесине арналган мелдеш өттү. 3 жаш өзгөчөлүк боюнча 150 спортчу ат салышты.

Фото

Нурдин Сапарбаев 46-60 жаш арасындагы спортчулар менен мелдешке чыкты. Финалдык беттеште 3:1 эсеп менен Орусиялык атаандашын жеңип алды.