Ысык-Көлдө эликти мыйзамсыз аткан браконьер кармалды

09:16, 21 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көлдө эликти мыйзамсыз аткан браконьер кармалды. Бул тууралуу Германиянын Жаратылышты коргоо союзунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка таянсак, «Барс» тобу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин Аңчылык департаментинин кызматкерлери менен биргеликте текшерүү жүргүзгөн. Анда Тоң районуна караштуу Көк-Булак аймагында элик аткан жергиликтүү тургун кармалган.

Мыйзам бузган тургунга 50 миң сом айып салынды.