Сооронбай Жээнбековдун кудасынын иниси Мегакомдун бөлүм башчысы болуп дайындалды

16:21, 20 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Президенттин кудасы жана Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин бир тууганы Ихтияр Абжалиев «Альфа Телеком» ЖАКтын логистика бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине компаниядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ихтияр Абжалиев — Бажы кызматынын полковниги. Анын экономикалык билими бар.

Компаниядан билдиришкендей, жаңы дайындалган жетекчи тандоо турдан ийгиликтүү өткөн.

Алиярбек Абжалиев Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Анын уулу президенттин жалгыз кызы Бактыгүлгө үйлөнгөн.