13:06
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Темир Сариев: Саясий туткундардын тагдыры талкууга алынды

Экс-премьер-министр Темир Сариев 24.kg агенттигине президент менен жолугушуу кандай өткөнүн айтып берди.

Анын билдиргенине караганда, «темир тордун артында отургандардан жана качып жүргөндөрдөн» башкаларынын баары келди. 

«Эркин баарлашуу болду. Көп ойлор айтылды. Мурунку жетекчилер конституциялык реформа боюнча кеңештерди беришти. Саясий туткундардын тагдыры талкууга алынды», -деди Темир Сариев.

Ал кошумчалагандай, катышкандардын ар бири сүйлөөгө мүмкүнчүлүк алды. «Мындай жолугушуулар тез-тезден уюштурулуп турсун деп сүйлөшүлдү. Бул республика үчүн маанилүү. Президент ар бир жарандын пикири пайдалуу деди», -дейт Темир Сариев.

Эң көп окулган жаңылыктар