Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар Түркияга жөнөп кетти

14:28, 20 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) 8-отурумуна катышуу үчүн Түркия Республикасынын Измир шаарына барды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүн, 20-ноябрда Ассамблеянын 8-отуруму, ТүркПАнын 10 жылдыгына арналган конференция жана бир катар жогорку деӊгээлдеги эки тараптуу жолугушуулар өтөт. Ал эми 21-ноябрда ТүркПАнын 8-пленардык жыйыны болот.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеӊештин депутаттары Салайдин Айдаров, Калдарбек Баймуратов, Абылкайыр Узакбаев, Садык Шер-Нияз жана Искендер Матраимов бар