Алина Анисимова дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 аялдын катарына кирди

09:30, 20 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык 19 жаштагы Алина Анисимова BBC британиялык корпорациясынын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 аялдын катарына кирди.

Маалыматка ылайык, Алина Анисимова программист-студент. Ал Кыргызстандагы кыздар үчүн космикалык мектепти жетектеп келет, алардын максаты — биринчи кыргыз спутнигин космоско жиберүү.

Кошумчалай кетсек, Би-би-си дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 аялдын тизмесин жарыялаган. Ага 2018-жылдын шыктандыруучу жана таасирдүү аялдары кирген.