USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 8 айдан бери үн катпаганынын себебин айтты

09:00, 20 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 8 айлык тыныгуудан кийин биринчи маегин берди. Бул убакыт аралыгында КСДПнын штабы белгилүү бир билдирүүлөрдү жасап келген, бирок, Алмазбек Атамбаев өзү көпчүлүккө чыгып, бир нерсе айтуудан карманып келген.

«Быйыл март айында өткөн КСДПнын акыркы съездинен кийин мен жаңы президент Сооронбай Жээнбековго, 3 каалоо жана эскертүү айттым. Анан мындан бир жыйынтык чыгаар бекен, айткандарымды эске алаар бекен деп күттүм. Биринчи жылында тынч иштегенге мүмкүндүк берейин дедим. Менин унчукпаганымдын себеби мына ушул болду», — деп билдирди экс-президент «Апрель» телеканалына берген маегинде.

«Азыр менин кеңештерим көңүлгө алынбаганы көрүнүп турат, ал эле эмес партиянын съездинен кийин Атамбаевге жана үй-бүлө мүчөлөрүнө карата калп менен ушактардын кампаниясы күч алды. Мындай жалганды жана ушактарды мен Акаев менен Бакиевдин дагы убагында көргөн эмесмин. Тилекке каршы, биздин эл көп учурда жаман сөзгө бат ишенишет. Геббельс айткандай эле, жалаа канчалык коркунучтуу болсо, ага ошончолук тез ишенишет. Менин оюмча азыр баарына чекит коюуга убакыт келди, элге чындыкты айтыш керек», — деди экс-президент.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика