Бишкекте маршруттук такси менен жеңил унаа сүзүштү

08:40, 20 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте маршруттук такси менен жеңил унаа сүзүштү. Бул тууралуу кырсыктын күбөлөрү билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы шаардык № 3-балдар ооруканасынын жанында катталган.

«Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү № 252-маршруттук такси менен «Хонда Фит» үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшкөн. Күбөнүн айтымында, жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес.