08:38, 20 ноября 2018, Бишкек - 24.kg
20-ноябрдан 23-ноябрга чейин Бишкектин айрым көчөлөрүндө жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу жаратылыш газы төмөнкү даректерде берилбейт:
Салам-Алик жаңы конушунда, Малышев, Күрөңкеев, Беломор тар көчөсүндө, ЧЧК, Махатма Ганди, Саадаев, Ак-Тилек, МЧК, Кара-Жыгач токоюнда, Көлмө жаңы конушунда, № 46-орто мектепте, Геодезия-1де жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учурайт.