Дарыгерлер Ак үйдүн алдында кайрадан митингге чыгуу ниетинде

16:41, 19 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери Ак үйдүн алдына кайрадан митингге чыгуу ниетинде. Алар Саламаттык сактоо министрлигинин реформасына каршы. Айрыкча эмканаларды оптимизациялоого каршы болушууда.

Дарыгерлер президентке жана премьер-министрге 4 ири эмкананы оптимизациялоого жана тар чөйрөдөгү адистиктерди кайрадан окутууга мүмкүн эместигин жеткирүүнү каалашат.
 

Эске салсак, Саламаттык сактоо министрлиги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун бириктирип, Бишкекте 4 райондук борборду түзүүнү чечкен.