Аксы районунда автоунаа өтүүчү көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди

16:24, 19 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Жыл-Булак участкасындагы Узун-Сай селканасына көпүрө куруу иштери аяктады. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. 

Ушул жылдын июль айында ӨКМ тарабынан товардык материалдык баалуулуктар 9500 кг цемент жана 557 кг арматура бөлүнүп берилген.

Фото

Жергиликтүү бийлик тарабынан ашар ыкмасы менен автоунаа өтүүчү көпүрө курулуп, бүгүнкү күндө пайдаланууга берилди. Аталган көпүрө Кызыл-Туу айыл аймагындагы Кара-Ой, Жол-Сай, Сарымсак-Булун жана Кызыл-Туу айылдарындагы болжол менен 650 кожолуктун автоунаа каттамын байланыштырат.