14:40
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Пенсионерлердин электрондук жеке кабинетин иштеп чыгууга 10 миллион сом керек

Пенсионерлердин электрондук жеке кабинетин иштеп чыгууга 10 миллион 400 миң сом керектелет. Бул тууралуу социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча палламенттик комитеттин отурумунда Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.

Айтымында, кийинки жылдын 1-январынан тарта пенсияга чыга тургандардын документтерин Соцфонддун кызматкерлери жыйноо боюнча мыйзам күчүнө кирет.

«Ар бир пенсионердин жеке электрондук кабинетин иштеп жатабыз. Анын жардамы менен жарандарыбыз соцфондго келбей, үйүнөн эле канча пенсия ала турганын биле алат», -деди Медер Ирсалиев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума