14:58, 19 ноября 2018, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда жаңы төрөлгөн баланын ысымын мушкер Конор Макгрегордун урматына аташты. Бул маалыматты Кактус.медиа редакциясына Мамлекеттик каттоо кызматы тастыкташты.
Маалыматка ылайык, социалдык түйүндөрдө Макгрегор Алибеков аттуу жаш баланын паспортунун сүрөтү жарыяланган. Баланын атын мушкердин фамилиясы менен Макгрегор деп аташкан.
Мындан тышкары мамлекеттик кызмат Кыргызстанда Хабиб аттуу ысымдардын көбөйгөнүн ырастады.