Мас абалдагы киши өзүн УКМКнын кызматкеримин деп элди тапанча менен коркуткан

14:44, 19 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Социалдык тармактардын биринде УКМКнын кызматкери LiveBar эс алуу жайынын алдында элдерди тапанча менен коркутуп жатканы чагылдырылган видео жарыяланды.

«УКМКнын мас кызматкери табелдик тапанча менен кардарларды коркутту», — деп айтылат анда.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, маалымат учурда текшерилип жатат.

«Эгерде ал киши биздин кызматкер экендиги аныкталса, катуу жазага тартылат», — деп билдиришти УКМКдан.