00:34
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Алмазбек Атамбаев курултайга катышабы же жокпу? Азырынча чечим кабыл ала элек

КСДП фракциясынын лидери Алмазбек Атамбаев оппозиция уюштуруп жаткан курултайга катышабы же жокпу, азырынча чечим кабыл ала элек. Бул тууралуу партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева 24.kg агенттигине билдирди.

Айтымында, бул маселе талкууга алына элек. Бирок, мурунку президенттин 24-ноябрда форум боло тургандыгынан кабары бар.

Уюштуруучулардын маалыматына таянсак, курултайда Кыргызстандагы коомдук-саясий абал талкууланат. Мындан тышкары качып кеткен мурунку мамлекет башчылары жана бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берген президенттердин жасаган эмгектеринин жыйынтыктары талкууга алынмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар