Ош облусуна караштуу Ноокат районунда 2 унаа кагышып, кесепетинен 48 жаштагы айдоочу каза болду. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1 киши ооруканага жеткирилди.
Окуя 18-ноябрда Кызыл-Булак айылында болгон. Райондун 1968-жылы туулган тургуну Р.С. «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасы менен бара жатып, каршы багыттагы «ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан.
Окуянын кесепетинен «ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусу оор жаракат алып, Кызыл-Кыя шаарынын ооруканасына жетпей каза болду. Экинчи унаанын айдоочусу денесинен жаракат алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген.