00:36
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкекте 3 миң 589 курулушту легализациялоо тууралуу чечим кабыл алынды

Бишкекте 6 миң 382 мыйзамсыз курулуштар бар. Бул тууралуу агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү боюнча парламенттик комитеттин отурумунда мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын өкүлү Айнур Кенжебаева билдирди.

Айтымында, мамлекеттик органдардын адистери тарабынан текшерүүдөн кийин 3 миң 589 курулушту легализациялоо тууралуу чечим кабыл алынды. Бирок, калган 2 миң 793 объект кооптуу аймактарда орун алган.

«Мыйзамсыз курулуштар «ГЭС-5», «Дордой», «Алтын казына» жана «Ак-Босого» жаңы конуштарынын аймактарында орун алган», -деди Айнур Кенжебаева.

Депутаттар мыйзамсыз курулуштарды легалдаштырууну сунуштаган мыйзамдолбоорун талкуулап жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар