ӨКМ: Жапалак айылындагы каналга унаа түшүп кетти

11:43, 19 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Кечээ, 18-ноябрда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Жапалак айылындагы каналга унаа түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык саат 18:20 чамасында болгон.

Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары каналга түшүп кеткен унааны чыгарышты.