Бишкекте унаалардын дөңгөлөктөрүн желимдөөчү жай өрттөнүп, 2 жигит жаракат алды

11:40, 19 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте унаалардын дөңгөлөктөрүн желимдөөчү жай өрттөнүп, 2 жигит жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык Л.Толстой көчөсүндө болгон.

Желимдөөчү жайдын 20 чарчы метр бөлмөсү, 15 дөңгөлөк, 2 матрац күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1996-жылы туулган К.Э менен 1999-жылы туулган Ш.Ю. 1-даражадагы күйүк алган.

Өрттүн чыгышына тиричилик электр шаймандарын колдонуудагы эреженин сакталбаганы себеп болгон.