Үч-Коргон ГЭСинде генератор өчүп авария болду

09:54, 19 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Үч-Коргон ГЭСинде генератор өчүп авария болду. Бул тууралуу «Электрдик станциялар» ААКдан билдиришти.
 
Маалыматка караганда, бүгүн аталган ГЭСте 45 мегаваттык № 2 гидроагрегат өчүп калды. Керектүү тетиктер кампада сакталгандыктан, аны оңдоо үчүн алып кетишти.
 
Калган станциялар штаттык режимде иштеп жатат. Өткөн суткада 58 миллион 146 миң киловатт-саат иштетилип чыккан. Шаарга берилген суунун температурасы 72 градусту түзүүдө.