Кавказ тоосунун бийик чокуларынын бири-Чынгыз Айтматов чокусу деп аталды

09:26, 19 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Кавказ тоосунун бийик чокуларынын бири -Чынгыз Айтматов чокусу деп аталды. Бул тууралуу мамлекеттик ишмер Султан Раев социалдык түйүндөрдүн бирине жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, аталган чокуга Кыргызстандын мамлекеттик желеги жана Айтматов чокусунун табличкасы кыргыз альпинисттери тарабынан чокуга жеткирилди.

«Бул иш-чараны толугу менен президент Сооронбай Жээнбеков колдоп, каражатын чечип берди.
Чынгыз Айтматовдун атактуу Кавказ тоосундагы чокусу жана чокуда желбиреген Кыргыз желеги кут болсун!», -деп жазган ал.