Казакстан Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, авариядан айдоочу менен анын жардамчысы аман калган, экөө тең Казакстан жарандары. Алардын абалы оор.
Автобуста беш жүргүнчү — Өзбекстан жарандары болгон. Маалыматтар боюнча алардын баары мерт болду.
Жол кырсыгы 17-ноябрда Озинск районунда катталган. Саратовдон Оролго бараткан автобус темир жол өтмөгүндө поезд менен кагылышкан.