Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, жүргүнчүлөр жаракат алышты

17:54, 16 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Кочкор районунда «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, жаракат алган айдоочу менен жүргүнчүлөр ооруканага түштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 230-чакырымында болгон.

Анда «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кеткен. ӨКМдин куткаруучулары унааны жолго чыгарып беришкен.

Кырсыктын кесепетинен айдоочусу жана жүргүнчүлөрү жеңил жаракаттарды алган. Алар Кочкор райондук аймактык ооруканасына жеткирилди.