20:47
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Унаа уурдаганга шектүү делген 23 жаштагы кызды кармашты

Бишкек шаарынын милициясы «BMW» үлгүсүндөгү унааны уурдаганга шектүү делген 23 жаштагы кызды кармашты. Бул тууралуу Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тартип сакчылары ал кыз дагы 5 унааны уурдаганга катыштыгы бар деп шек саноодо.

7-ноябрда милицияга Бишкектин тургуну кайрылып, BMW үлгүсүндөгү унаанын ачкычын уурдатып жибергенин айткан. Ал унааны айдап белгисиз тарапка качып кеткен кызга чара көрүүнү суранган.

Окуяга шектүү деп 1995-жылы туулган Б.к.А колго түштү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума