Бишкек шаарынын милициясы «BMW» үлгүсүндөгү унааны уурдаганга шектүү делген 23 жаштагы кызды кармашты. Бул тууралуу Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тартип сакчылары ал кыз дагы 5 унааны уурдаганга катыштыгы бар деп шек саноодо.
7-ноябрда милицияга Бишкектин тургуну кайрылып, BMW үлгүсүндөгү унаанын ачкычын уурдатып жибергенин айткан. Ал унааны айдап белгисиз тарапка качып кеткен кызга чара көрүүнү суранган.
Окуяга шектүү деп 1995-жылы туулган Б.к.А колго түштү.