Ош облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

11:26, 16 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Ош облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жердин силкинүүсү Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Мады айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.