Салык кызматы 63 миллирад сомдон ашуун салык жана төлөм чогултту

10:52, 16 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

2018-жылдын январь-октябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 63 миллирад 909,3 миллион сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, алдыга коюлган план 100,1 пайызга аткарылып, 68,2 миллион сомго ашыгы менен жыйналды.

Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 6 миллиард 271 миллион сомго же 10,9 пайызга жогорулаган.