USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Тажикстанда жарандарды «ИМ» тобуна азгырган мугалим 19 жылга соттолду

08:55, 16 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Тажикстанда жарандарды «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобунун катарына кирүүгө азгырган англис тил мугалими Жахонгир Касымов 19 жылга соттолду. Ал жаза мөөнөтүн катаал абакта өтөйт.

Душанбе шаардык соту өкүмдү 15-ноябрда чыгарды. Бул кылмыш иши боюнча айыпталган дагы 9 киши, анын ичинде Касымовдун төрт окуучусу алты айдан 19 жылга чейинки мөөнөттөргө кесилишти.

22 жаштагы англис тил мугалими Жахонгир Касымов быйыл июлда камакка алынган. Сотто ал англис тил курстарында сабак өтүп, чет тилинде Куран үйрөтүп, «жихад» идеясын таратканын моюнуна алды. Ошондой эле ал «ИМдин» пропагандачылары менен социалдык түйүндөр аркылуу таанышканын, кийинчерээк алардын идеологиясын кабыл алып, жайылта баштаганын айтты.

Мугалимдин туугандары менен адвокаты өкүм менен макул эмес экендиктерин жана ал боюнча жогорку баскычтагы сотко датта тургандыктарын билдиришт

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика