14:49
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кыргызстандык спортчу гиря спорту боюнча Дүйнө чемпиондугунда 1-орунга ээ болду

Кыргызстандык спортчу Екатерина Старикова Өзбекстандын Бухара шаарында өткөн гиря спорту боюнча Дүйнө чемпиондугунда 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Спорттук мелдеш 1-ноябрдан 5-ноябрга чейин өттү. Ага 16 өлкөдөн 325 спортчу катышкан. Кыргызстандын атынан 5 спортчу ат салышты.

Екатерина Старикова 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 10 мүнөттүн ичинде 16 килограммдык гиряны 266 жолу көтөргөн. Жыйынтыгында алтын медаль тагынып, дүйнөлүк рекордду жаңылады.

Эске салсак, буга чейин Украиналык спортчу 260 ирет көтөрүп, ал рекорд 9 жыл кармалган.

Мындан тышкары Дүйнө чемпиондугунун алтын медалдарын кыргызстандык Александр Петров, Тариэл Бакиров, Алмаз Балтабаев жана Александр Сапожников тагынышты.

Эң көп окулган жаңылыктар