Бишкекте мода жумалыгы өтүп жатат

16:23, 15 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте кыргыз дизайнерлеринин коллекцияларынан турган мода жумалыгы өтүп жатат.

Жеңил өнөр-жай -Кыргызстан экономикасынын эң негизги 4 тармагынын бири. Ал продукцияларды экспорттоо көлөмү боюнча 3-орунда турат. Эмгектер «Өндүрүштүк ишке ашыруу», «Дебют», «Автордук иш» номинацияларында элдин сынына коюлду.