15:24, 15 ноября 2018, Бишкек - 24.kg
Таластагы «Чоң-Капка» бекетинде Казакстанга чоочун паспорт менен өтүүгө аракет кылган кыз кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган кыз 22 жаштагы чоочун жаранга таандык паспортту көрсөткөн.
Бирок, ал бир нече суроого жооп бере албай калып күмөн жараткандыктан, аны текшерүүгө алышкан. Ага сыртка чыгууга тыюу салынгандыктан, эгизинин паспортун колдонгону аныкталды.
Тийиштүү документтер толтурулуп, ал кыз УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.