Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 9 ай аралыгында 4,8 миллиард долларды түздү

15:09, 15 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 9 ай аралыгында 4,8 миллиард долларды түздү. Бул былтыркыга салыштырмалуу 7,3 пайызга өстү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинин Соода статистикасы башкармалыгынын башчысы Венера Мамбеталиева билдирди.

Айтымында, экспорттук жеткирүүлөр 3,1 пайызга төмөндөп, импорттук келип түшүүлөр 11,2 пайызга көбөйгөн. Экспорттун эң чоң көлөмү Улуу Британияга жөнөтүлүп, 386,7 миллион долларды түзгөн.

«Бул жылы «Кумтөрдүн» алтыны Улуу Британияга жиберилди. Ага чейин алтын Швейцарияга экспорттолгон. Кийинки орунда Орусия турат. Казакстанга болгон экспорт 187,7 миллион долларды, Өзбекстанга 122,6 миллион доллар, Түркияга 53,1 миллион долларды түздү», — деди ал.