Суроо-жооп. Жолоочунун намаз окуу жолдору

14:18, 15 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Жолдо, уунада бара жатып, ал кыбладан башка тарапка бара жатса кантип намаз окуй алам?

Жооп: Ууна токтой турган болсо, намаздын убактысы келгенче күтө турганыңыз оң. Токтогондо жерге түшүп окуп аласыз. Эгер ууна токтобой, намаз убактысы келип калса, транспорт бара жаткан тарапты карап намаз окуй бересиз.