Лев Толстой көчөсүндө троллейбустук каттам токтоп калды

09:56, 15 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Пишпек районундагы Лев Толстой көчөсүндө троллейбустук каттам токтоп калды. Буга себеп таштанды ташуучу унаа столбаны сүзүп алгандыгы болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди.

Фото

Маалыматка ылайык, таштанды ташуучу унаа жолдон тайгаланып, троллейбустук линиянын столбасын сүзүп алган.

«4 троллейбус токтоп калды, болгондо дагы таламандын так тушунда», -дейт окурман.