Демилгечи жарандар Бишкектеги карылар үйүнө кышкы кийимдерди берүүнү суранышат

08:56, 15 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Демилгечи жарандар Бишкектеги карылар үйүнө кышкы кийимдерди, куртка, байпак, кофта, баш кийим жана башка жылуу буюмдарды берүүнү суранышат.

Демилгечилердин бири Айжан Дүйшөналиеванын айтымында, 2 жума мурун аталган жайга кир жуучу каражаттарды жана башка буюмдарды алып барып беришкен.

Жардам берүүнү каалагандар 17-ноябрга чейин 0555555642 номуруна чалып маалымат алса болот.