Бишкекте троллейбустар саат 22:00гө чейин кызмат көрсөтүп баштайт

17:55, 14 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарындагы троллейбустар саат 22:00гө чейин кызмат көрсөтүп баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим аба-ырайына байланыштуу бүгүн кабыл алынды.

Эске салсак, буга чейин троллейбустар акыркы каттамга саат 20:30да чыкчу. Бишкек троллейбустук башкармалыгынын балансында 164 троллейбус бар. Алар 9 каттамды ишке ашырышат. Ушул жылы Евразия өнүктүрүү банкынан алынган насыяга 52 троллейбус сатылып алынды.