00:13
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Ординаторлордун 92 пайызы Бишкекте, 60 пайызы Ошто калууну каалашат

Мамлекет тарабынан саламаттыкты сактоо тармагындагы кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тегерек стол жыйынында билдирди.

«Жыл сайын медициналык жогорку окуу жайларынан 2500гө жакын студенттер бүтүрүп чыгышат. Дээрлик бардык ординаторлор шаарда калууну каалашат. Алсак, ординаторлордун 92 пайызы Бишкекте, 60 пайызы Ош шаарында калышууда. Мындан улам түрдүү багыттагы адистиктерди даярдоо боюнча жана практикалык суроо талап ортосунда тең салмаксыздык пайда болууда. Жыйынтыгында алар жумушка орношо албай калышууда», — деп баса белгиледи вице-премьер-министр.

Ошондой эле ал үй-бүлөлүк дарыгерлердин макамын жогорулатуу, социалдык шарттарын жакшыртуу, аталган адистиктин жагымдуулугун арттыруу зарылдыгын белгиледи.

«Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан үй-бүлөлүк дарыгерлердин, жалпы практикадагы дарыгерлердин, үй-бүлөлүк медайымдардын, фельдшердик-акушердик пункттардын медициналык кызматкерлеринин айлык акысы жогорулатылды», — деди Алтынай Өмүрбекова.

Эске салсак, өлкө аймагында 12 мамлекеттик жана жеке медициналык жогорку окуу жайы жогорку медициналык билим берет. 15 жогорку окуу жайда жана илимий борбордо ординатурада даярдык өткөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар