Кыргызстандык балбандар грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 4 медаль утуп алышты

15:41, 14 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык балбандар грек-рим күрөшү боюнча бүткүл орусиялык мелдеште 4 медаль утуп алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Орусиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу Анатолий Кишицкийдин элесине арналган мелдеш Барнаул шаарында 10-11-ноябрь күндөрү өттү. Анда 100дөн ашык спортчу беттешип, 10 салмактык чен боюнча байгелер ойнотулду.

Кыргызстандын атынан Руслан Царев 72 килограммга чейинки салмак категориясында күрөшүп 2-орунду ээледи. Халмурат Ибрагимов (67 кг), Темирлан Бектурдиев (77) жана Роман Ким (130) коло медаль тагынышты.