Муфтий Оштун аткаминерлерин мекенге кыянаттык кылбоого чакырды

10:04, 14 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Муфтий Максат ажы Токтомушев өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана шаар мэри менен биргеликте жергилктүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.

Муфтий менен жыйынга өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, райондун акимдери, мекеме, уюмдардын жетекчилери, жогорку окуу жайдын проректорлору, мектеп директорлору, укук коргоо органдарынын жетекчилери, Ош облусу жана Ош шаарынын казылары, райондун баш имам хатибтери, шаардагы мечиттин имамдары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жыйында Максатбек ажы Токтомушев мекенди сүйүү жана ага кыянаттык кылбоо туурасында баядама жасап, катышуучуларды ар бир иште жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

«Мекенге кыянаттык кылбай, аткарган ишибизге жоопкерчиликтүү мамиле кылсак ошондо гана айылыбыз, районубуз, шаарларбыз, эң негизгиси мамлекетибиз өнүгөт», - деди муфтий.

Муну менен катар ысырапкорчулукту токтотуу боюнча өз оюн билдирип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен дин кызматкерлери коомчулук арасында байма-бай түшүндүрүү иштерин жүргүзүүлөрү керектинин баса белгилеп, ысырапкорчулуктун шарияттагы ордун түшүндүрүп берди.