Ак илбирс, мадыл, тоо теке. Көлдүн коруктарын байырлаган жаныбарлардын сүрөтү

10:02, 14 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Ак илбирс, мадыл, тоо текелер жана койлор фотокапканга түшүп калышты. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы жаратылышты коргоо бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, фотокапкандар Сары-Жаз, Кайыңды жана Эңилчек өрөөндөрүндө апрель айында орнотулган. Ал эми октябрда ал жаныбарларды сүрөткө тартып калган.

«Жайкысын фотокапкандын жардамы менен 5 ак илбирсти эсепке алганбыз. Бул айда алардын саны 10 экенин аныктадык», -деп айтылат маалыматта.

Жакын Кара-Кулжа районунун коруктарына дагы фотокапкан коюлду.