Ош шаарында кыз-жигит жол кырсыгында көз жумду

09:14, 14 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында кыз-жигит жол кырсыгына кабылып, кесепетинен набыт болушту. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык Абдыкадыров көчөсүндөгү мечиттин жанында орун алган. Анда 1998-жылы туулган айдоочу Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын рулун башкара албай калган.

Кесепетинен унаанын ичиндеги кыз ооруканага жетпей каза болгон. Айдоочу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген, бирок ал кечинде өзүнө келбей көз жумду.