03:18
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Шаркан-Сай каналынан 21 жаштагы келиндин cөөгү табылды

Өзбекстандын аймагындагы Шаркан-Сай каналынан 21 жаштагы келиндин cөөгү табылды. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ал Ош облусундагы Кара-Суу районунда жашачу. Анын атасы кызын 2-ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткандыгын айтып, милицияга кайрылган.

Дайындалган экспертизанын жыйынтыгында күч колдонуу белгилери байкалган эмес. Бирок, маркумдун кошуналарынын айтымында, ошол күнү уруш-жаңжал болуп, келин кумшекер төгүп алгандыгы үчүн күйөөсү менен кайненесинен таяк жеген.

«Бул фактылардын негизинде «келинди өз өмүрүн кыюуга жеткирген» деген версия каралууда», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума