08:38, 14 ноября 2018, Бишкек - 24.kg
Короодо мышыкты атып өлтүргөн адам аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБсы маалымдайт.
Мышыкты ырайымсыз менен өлтүргөн Жалал-Абад шаарынын Миң-Өрүк көчөсүнүн тургуну 1983-жылы туулган Ильяз Кубатбеков милиция бөлүмүндө түшүндүрмө берди.
«Ал 1 ай мурда, 5-октябрь күнү саат 12-00 чамасында, үйүнүн алдындагы короосунда, өзүнүн 1 жылдык мышыгын мойнуна тросстон жасалган сыйыртмак салып байлап алып, жаныбарларга өзгөчө ырайымсыздык мамиле жасап, тир мылтыгы менен эки жолу атып өлтүргөндүгүн мойнуна алды», — дейт милиция.