Бишкекте «АгроТех Экспо-2018» аттуу көргөзмө уюштурулат

14:47, 13 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте «АгроТех Экспо-2018» аттуу көргөзмө уюштурулат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев маалымат жыйында айтты.

Маалыматка караганда, көргөзмөгө 17 өлкөнүн атынан 40ка жакын ар түрдүү фирмалар катышат. Анда техника тармагындагы унаалар, курулуш материалдары жана башкалар көрсөтүлөт.

Эске салсак, иш-чара 14-ноябрдан 16-ноябрга чейин уланат. Көргөзмө эски аянтта өткөрүлөт.