Талгат Сагындыков стол тенниси боюнча Кыргызстандын ачык чемпиондугунда жеңди

12:24, 13 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Талгат Сагындыков стол тенниси боюнча Кыргызстандын ачык чемпиондугунда 8-турду утуп алды. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча ассоциациясынын башкы катчысы Шухрат Тешаев билдирди.

Айтымында, Бишкекте катары менен чемпионаттын 2 туру өттү. Ага Кыргызстан жана Түркмөнстандан келген 70 спортчу катышты.

7-турда алгачкы үчтүккө Алишер Якупбаев, Вячеслав Клычев жана Талгат Сагындыков чыкты. 8-турда мекендешибиз жеңишке жетти. 

Фото