05:26
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Жеткиликтүү ипотека» долбоору ишке ашырылат

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) 2019-жылдан тарта «Жеткиликтүү ипотека» долбоорун ишке ашырат. Бул тууралуу маалымат жыйында Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров билдирди.

Анын айтымында, ипотека алууну каалагандар алгачкы взносту чогултуу үчүн МИКке кайрылса болот. Жарандар 3 жыл аралыгында керектүү сумманы чогулта алат.

«Сумма жетиштүү болгон кезде жарандар узак мөөнөттүү насыяны МИКтен 10-15-жылга 10-14 пайыз менен ала алышат. Бул долбоор жаштарга ылайыктуу. Мындан тышкары аталган долбоорду ишке ашыруу менен тигүүчүлөрдү турак жай менен камсыздоо маселеси чечилет деп ойлоп жатабыз», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар