Кыргызстанда тигүүчүлүк өнөр жайынын жумалыгы өтүп жатат

10:23, 13 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 7-ноябрдан 16-ноябрга чейин тигүүчүлүк өнөр жайы жумалыгы өтүп жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында «Легпром» ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов билдирди.

Жеңил өнөр-жай -Кыргызстан экономикасынын эң негизги 4 тармагынын бири. Ал продукцияларды чыгаруу көлөмү боюнча 3-орунда турат.

«7синен 11-ноябрга чейин тигүүчүлүк өнөр жайынын көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Ушул жума аралыгында тегерек столдор өтөт. Анда ишкерлик менен алектенгендер жана өкмөт көйгөйлөрдү талкуулашат. Мунун менен катар мода жумалыгы болот, анда кыргызстандык дизайнерлердин эмгектери элдин сынына коюлат», -деди Сапарбек Асанов.