Кыргызстанда диабетке каршы күрөшүүгө арналган жумалык өтөт

17:23, 12 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

13-ноябрдан 21-ноябрга чейин Кыргызстанда диабетке каршы күрөшүүгө арналган жумалык өтөт. Бул тууралуу Эл аралык диабет федерациясы билдирди.

Иш- чара 14-ноябрь — Дүйнөлүк диабет күнүнө арналат. Анда акциялар, тегерек үстөлдөр жана спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.

Эске салсак, былтыр Кыргызстанда 55 миңден ашуун диабет менен ооруган бейтаптар катталган. Ал эми дүйнөдө кант диабетине чалдыккандардын саны 422 миллионду түзөт.